1 / 11

Республикалык протездик - ортопедиялык буюмдар мекемеси.

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министирлиги. Республикалык протездик - ортопедиялык буюмдар мекемеси. Бишкек 2013 год. Биздин мекеменин түптөлгөнүнө быйыл 71 жылдын жүзү болду.

lee-drake
Télécharger la présentation

Республикалык протездик - ортопедиялык буюмдар мекемеси.

An Image/Link below is provided (as is) to download presentation Download Policy: Content on the Website is provided to you AS IS for your information and personal use and may not be sold / licensed / shared on other websites without getting consent from its author. Content is provided to you AS IS for your information and personal use only. Download presentation by click this link. While downloading, if for some reason you are not able to download a presentation, the publisher may have deleted the file from their server. During download, if you can't get a presentation, the file might be deleted by the publisher.

E N D

Presentation Transcript


  1. Кыргыз Республикасынын социалдыкөнүгүү министирлиги Республикалык протездик - ортопедиялык буюмдар мекемеси. Бишкек 2013 год

  2. Биздин мекеменин түптөлгөнүнө быйыл 71 жылдын жүзү болду. Анын башаты катары 1942-жылыСемашко атындагы Москва заводунун демилгеси менен түзүлгөн Фрунзе шаарындагы протездик устакананы эсептөөгө болот, мунун негизги милдети согуштан жабыр тарткан кыргызстандык майыптарды протездөө болгон. 70 жыл аралыгында устакана ишкана, завод, борборго чейин өсүп, кийин мекеме болуп өзгөртүлдү, бирок бул мезгилдерден бери бир да күн ишин токтотпой иштеп келет. Бүгүнкү күндө биз Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси деп аталабыз, кыскартып айтканда, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министирлигинин РПОБМу.

  3. Акыркы жолу Министерствонун Мекеменин аталышын өзгөртүү боюнча Өкмөттүн токтомуна ылайык, Юстиция министирлигинде 2012-жылдын 5 апрелинде катталып, Күбөлүк берилген, ошону менен катар эле жеке салык номери, ОКПО коду жана өздүк каттоо номери ыйгарылган. Бардык иш-аракеттерди жүргүзүүгө юридикалык укук берилип, ал РПОБМ Уставында каралып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын20- февралындагы№121 токтому менен бекитилген. РПОБМ мамлекеттик мекеме формасында уюшулган чарба жүргүзүүчү субъект болуп саналат.

  4. Мекеменин Ош шаарында филиалы да бар. Ал Республиканын түштүк аймагындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлөө үчүн түзүлүп, ишке кирген. Андан тышкары, Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу болуш үчүн Нарын, Балыкчы, Баткен, Өзгөн, Бакай-Ата, шаарларында протездик-ортопедиялык устаканалар ачылып, ортопедиялык бут кийимдерди жана оор эмес протездик буюмдарды оңдоо үчүн жөнөкөй иштерин жүрүгүзүп келүүдө.

  5. Устав менен мекеменин негизги максаты аныкталган, ал ден-соолугун мүмкүнчүлүгү чектелен адамдарга протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуу.

  6. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министирлиги Директор РПОБМ Башкы инженер Директордун орун басары Бухгалтерия Өндүрүштүк-пландоо бөлүмү Медицина бөлүмү Кеңсе бөлүмү РПОБИ 116 адам иштейт, Ош филиалында 43 , баардыгы 159. Техникалык бөлүмү Камсыздоо бөлүмү

  7. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министирлиги РПОБМ жасап жаткан иштери жөнүндө жана калкты тейлөөдө кандай кызматтарды көрсөтөрү боюнча массалык маалымат каражаттарын колдонот, плакат, буклеттер басылып чыгып, алар райондук жана шаардык Социалдык жактан коргоо башкармалыктарына, ооруканаларга, онкология институтуна, Республикалык травматология жана ортопедия борборунун ортопедиялык бөлүмүнө, Воронцовкадагы санаторийге жана башка дарылануучу жайларга таратылып берилүүдө.

  8. РПОБМде протездик-ортопедиялык буюмдарга муктаж ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эсеби дайыма такталып, атайын картотека түзүлүп, жаңыланып турат. Андан тышкары эсепти компьютердик программаларга киргизүү иштери улантылууда. Азыркы учурда РПОБМде Кырыгзстан боюнча ДМЧА 9555 жарандардын саны каттоодо турат.

  9. Адистерди окутуп даярдоо Өзгөчө колдун жана буттардын протездерин жасоодо оор технологиялар колдонулат, ушуга байланыштуу ар бир оорулууга өзүнчө индивидуалдык мамиле кылуу абзел. Бул ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын протезди колдонууда, кыймыл-аракет жасоодо кемчилик болбошу керек дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан РПОБМ мүмкүнчүлүк болгондо эле Россиянын алдынкы ишканаларына адистерди квалификацияларын жогорлатуу үчүн окууга жиберүүгө аракет кылат. 2013 жылы Россия федерациясынын Новосибирск шаарына 2 адисти 1 этаптагы окутуу практикасын өткөрүп алдык,“ТIENS” компаниясынын жардамы менен.

  10. РПОБИнын үлгү тактасында Ден-соолугун мүмкүнчүлүгү чектелен адамдарга (ДМЧА) атайын ортопедиялык буюмдардын көргөзмөлөрү коюлган: • Кайыш үлгүсүндөгү протез • Жыгач үлгүсүндөгү протез • Отто-бокк (немецтик технологиясындагы протез) • Ортопедиялык ар түрдүү бут кийимдер, корсет, бандаж жана башкалар коюлган. Баардыгы ДМЧАга үчүн мыйзамга ылайык бекер жазалат.

  11. Көйгөйлүүмаселелер Ден-соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелген адамдарды үй шартында тейлөөдө, ошондой эле Республиканын алыскы аймактарына барууда көп кыйынчылыктар жаралууда. Мунун себебин эскилиги жеткен автопарк менен түшүндүрүүгө болот. Бардык 3 санитардык УАЗ (ошонун ичинде бирөө- Ош филиалында) эксплуатацияга берилгенине 15 жылдан ашты. Эскилиги эчак жетилгендиктен, канчалык оңдоо иштери кылынса да, баары-бир алар ишке жараксыз. Айрыкча, ал унаалардын мекемеден алыс жүргөндө бузулганы дайыма көптөгөн кыйынчылыктарды жаратат. Албетте, автопаркты жаңыртуу зарыл, бирок Республиканын бюджетинин тартыштыгына байланыштуу буларга каражат бөлүнбөй келет. Демөөрчүлөргө болгон кайрылууларыбыз да натыйжалуу жыйынтык берген жок. Азырынча, өндүрүштү модернизациялоо долбоору да аткарылбай келет. Жабдууларды жаңыртуу талап кылынат, алардын иштегенине 40 жылдан ашты. Мүмкүнчүлүктөрү кенен, жаңы жабдууларды, маселен, протездөө үчүн лазердик платформаны, силикондук лайнерди жана бут кийим жасоодо өндүрүшкө буттун таманынын формасынын өзгөргөн кемчиликтерин ачып көрсөтүү үчүн комплекстүү жабдууларды алуу абзел. Россия жана АКШ элчиликтерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарга демөөрчүлүк жардам үчүн кайрылууларыбыз жоопсуз калды. Ушул жагынан Социалдык жактан өнүгүү министирлигинин Эл аралык кызматташуу жана гуманитардык жардам башкармалыгы тарабынан жигердүү жардам көрсөтүлсө, өтө жакшы болор эле.

More Related